Каргашага айланган той. Садыр Жапаров Ирактын башчысына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Ирактын президенти Абдулатиф Жамал Рашидге Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөтүндө болгон өрттүн кесепетинен көп курмандык болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Ушул жылдын 27-сентябрында Найнава аймагындагы ресторанда орун алган чоң өрттүн натыйжасында көптөгөн адамдар каза болду деп суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ирактын Хамдания районунда үйлөнүү үлпөт тоюнда өрт чыгып, 100дөн ашуун адам каза болгон. Жарандык коргонуу кызматы өрт үйлөнүү үлпөтү учурунда фейерверк атуудан чыккан болушу мүмкүн экенин билдирген. Салтанат өтүп жаткан залда да өрт коопсуздук талаптары сакталган эмес. Өрттүн кесепетинен залдын айрым бөлүктөрү курулуш учурунда тез күйүүчү жана кымбат эмес материалдар колдонулгандыктан кулап түшкөнүн жарандык коргонуу кызматкерлери билдирди.