«Каркыра — автожол» өткөрмө бекети 1-апрелден тартып иштей баштайт

2021-жылдын 1-апрелинен тартып казак тараптын демилгеси менен кыргыз-казак тилкесиндеги «Каркыра — автожол» өткөрүү пункту иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Көзөмөл-өткөрүү пункту күндүзү саат 08: 00дөн саат 18: 00гө чейин иштейт. Бул убакытта өткөрмө пункттан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана мал-жандык өтө алат.

Казакстанга барууну каалагандар сапарга чыгардан мурун ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана карантиндик чараларды эске алып,  казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышышы керек болот.

«Эскерте кетсек, «Каркыра-Автодорожный» өткөрүү пунктунда электрондук виза менен өтүүгө болбойт«, — деп айтылат мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.