Каркыра дарыясынын суу жеп кеткен жээктери бекемделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-июнда иш сапары менен Ысык-Көл облусунун Түп районунда болду. Ал Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Түп райондук кадастр филиалынын жетекчиси Темирбек Кендирбаев жана Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Шерикбаев менен биргеликте дарыя суусунан эрозияга учураган тилкелерин көрүп чыкты.
Тактап айтканда, Каркыра дарыясы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашып, эки өлкөнү бөлүп турат. Аталган дарыя суу нугун кеңейтип, кыргыз тараптагы жээгин жеп, эрозияга учурап жайыт жерлери кыскарып барат. Мындан улам, жайыт жердин кыскаруусунун алдын алуу үчүн тиешелүү кызматтар менен биргеликте тилкени тактап, быйылкы жылы жээктерди бекемдөө ишин колго алууну талкуулашты. Иштин жүрүшүндө Каркыра дарыясынын картасы менен иштеп, суу жеген жээктерди кыдырышты.
Өзгөчө кырдаалдар министриэки өлкөнүн чек ара тилкесиндеги дарыянын жээгин бекемдөө менен жергиликтүү тургундар колдонгон жайыттар жана дыйканчылык жерлер дарыя суусунан корголуп, азык-түлүк коопсуздугу камсыздаларын баса белгиледи. Ал бекемдөө иштерин баштоого чейинки документтик иштердин бүткөрүлүшүн тиешелүү кызматтарга тапшырды. Министрдин айтымында, Каркыра дарыясынын белгиленген тилкесиндеги жээги быйыл бекемделсе, келерки жылдын планына дагы бир тилкеси киргизилмекчи. Анүстүнө ӨКМде жаз айларында ишке киргизилген цехтин габион торчолору колдонулуп, бекемдөө ишин баштоодо бир топ жеңилдик болоруна токтолду.