Каркыра жайлоосунда Түгөлбай Сыдыкбековдун 110, Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракеси белгиленет

22-23-июль күндөрү Каркыра жайлоосунда Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, Кыргыздын улуттук театры менен киносунун жаркын таланты, улуу актер Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маараке эки күнгө уланып, эки күн бою Манас айтылып, төкмө акындар төгүп, айтыш өнөрү тартууланат. Ошондой эле улуттук оюндар ойнолуп, чоң программадагы салтанат менен коштолот.

«Жалпы улуттук оюндарга байгелер: 6 унаа, акчалай сыйлыктар жана төкмө акындардын айтышына 1 миллион сом каралган. Мааракеге Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышат. Ал эми иш-чаранын экинчи күнү – 23-июлда мамлекет башчысы Садыр Жапаров барат»,- деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын демилгечиси, уюштуруучусу жана демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев.