Кармалган журналисттер тергөө абагына которула элекпи? ИИМге кат жолдонду

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кармалган 11 журналисттин жакындарын жеке кабыл алды. Алар Акыйкатчыга кармалып турган жакындарынын укуктары бузулуп жатканын айтышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

“17-январда сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, аларды тергөө абагына которуу чечимин чыгарганына карабастан, алар ушул кезге чейин убактылуу кармоочу жайда отурушат. Бул алардын укуктарын бузууда”, — дешти жакындары.

Андан сырткары, сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап жатканда жактоочулардын жүйөлөрүн эске албаганын айтышты.

Жаманбаева журналисттер кармалган күндүн эртеси эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, убактылуу кармоочу жайга барып, алардын кармоо шарттары менен таанышып, ошондой эле ар бир менен сүйлөшүп келгенин эске салды.

“Биз өз мандатыбыздын алкагында кармалган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча иш алып баруудабыз. Ошондой эле алардын эмне себептен убактылуу кармоочу жайдан, тергөө абагына которулбай жатканын билүү үчүн Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына кат жолдодук”, — деди ал.