Кармалган «Мадина» базарынын кожоюну Камчы Көлбаев экөөнү эч нерсе байланыштырбай турганын айтты

Кармалган «Мадина» базарынын кожоюну, экс-депутат Турсунтай Салимов аны кримтөбөл Камчы Көлбаев менен эч нерсе байланыштырбай турганын айтты.

Анын айтымында, ал Көлбаевден 18 жаш улуу жана экөө кошуна болушкан. Ал ошондой эле кудасы деген маалыматты да четке какты.

Буга чейин УКМК тарабынан «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимовдун кармалганы айтылган. Жергиликтүү ЖМКлар Турсунтай Салимовду маркум Камчы Көлбаевдин кудасы экенин жазган.