«Картошка жүктөп алгандай айдашат». Депутат автобус айдоочуларга нааразы болду

Жогорку Кеңештин 25-сентябрындагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы автобус айдоочулар боюнча маселе көтөрдү.

«Автобус катышкан жол кырсыктардын саны көбөйүүдө. Бул автобустарды эмне деген акчага алып келип жатабыз. Кайдагы бир кайдыгер, элдин коопсуздугун ойлобогон айдоочулардын айынан талкаланууда. Бюджетке да зыяны тийип жатат. Мэрия бул айдоочуларды кандай шарт менен жумушка алат билбейм. «Кимиңер автобустарды талкалап, жоготсоңор ошого байге беребиз» дегендей болуп жатат. Айдоочулар жеңил унаага картошка жүктөп алгандай айдашат», — деди депутат.

Ошондой эле депутат мэрияга кайрылып, эгер ушундай көрүнүш улана берсе, автобус айдоочулар үчүн мектеп ачуу керек болуп каларын айтты.