Карындашын сабаган адамды аткан аганын окуясы. Акыйкатчы үн катты

Чүйдө карындашын сабаган адамды атып өлтүрүүгө шектелген аганын окуясы боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова үн катты. Анын айтымында, тийиштүү тапшырма Акыйткачы институтуна түнү берилген.

Алдын ала маалымат боюнча:
— Бүгүн, 2-июлда сотто агасынын бөгөт коюу чарасы каралат (Акыйткачы институтунун кызматкерлери мониторинг жургүзөт, Аселден арызын алат (макул болсо);
— Бүгүн дем алыш күн болгонуна байланыштуу институттан ИИМге оозеки өтүнүч айтылды — агасынын психологиялык экспертизадан тез өткөрүү керектигин, анткени аффект деген түшүнүк бар. Бул иш үчүн абдан маанилүү, бирок көп учурда кылынбайт;
— Окуя боюнча институт ишин улантат.

Акыйкатчы ишти Башкы прокуратура көзөмөлүнө алганын да жазды.