Карышкырды базарда сатууга аракет кылышкан. Эми ал зоопаркта жашап жатат

Каракол зоопаркында жаңы жаныбар – Серый аттуу карышкыр пайда болду. Бул тууралуу “Бугу-Эне” коомдук фонду Фейсбук баракчасында билдирди.

Карышкыр жергиликтүү базардан сатууга аракет кылынган учурда Экотехинспекция тарабынан алынган.