Кашкар Жунушалиевдин Москвада жүрөт деп тараган сүрөтү бир жыл мурда тартылган

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Ички иштердин мурдагы министри Кашкар Джунушалиев көрүнгөн Кремль сарайындагы Полиция күнүнө арналган концерттен үзүндү тасмалар жарыяланган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовго кайрылдык.

Ал: “Бул эски видео, концерттин чыгарылышында жылы да 2019 деп көрсөтүлүп турат. Биз Москвадагы өкүлчүлүк менен да байланыштык. 2020-жылы Москвада коронавируска байланыштуу милиция күнүнө карата концерт болгон эмес. Кашкар Жунушалиев былтыр барган. Быйыл Москвада концерт болгон жок жана Москвага министрликтен эч ким барган жок”, — деп билдирди.