Касым-Жомарт Токаевдин Чолпон-Атага болгон сапарынын видеосу жарыяланды

Акорда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Чолпон-Атага болгон сапарынын видеосу менен бөлүштү.

20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Консультативдик жолугушуунун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларын кабыл алуу болду. Токаев ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Мухтар Ауэзовдун үй-музейинде болду. Ал Мухтар Ауэзовдун бюстун ачып, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.