Катар жана Дохадагы круиздик лайнерден 166 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Тышкы иштер министрлиги 8-мартта Катар мамлекетинен, анын ичинде Доха шаарындагы круиздик лайнерден чыгарылган 166 Кыргыз жараны мекенине ийгиликтүү кайтып келгендигин билдирет.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын аткаруу максатында министрлик, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Жакынкы Чыгыштан Кыргыз жарандарын эвакуациялоо иш-чараларын уюштурууну улантат.