«Катар» кайрымдуулук уюму Баткенге 100 миң долларлык курулушту пландап жатат

“Катар” кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү чек арада орун алган акыркы окуялардан жабыркаган Баткен элине гуманитардык жардам алып келишти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган уюм аймактагы 2000 үй-бүлөгө 110 тонна азык-түлүк баштыкчаларын таратышты. Ошондой эле 4200 адамга Орозо айынын урматына ооз ачуу үчүн тамак-аш тараткан. Мындан сырткары Баткен жергесине муктаждыкка жараша 100 миң долларлык курулушту пландоодо.

“Катар” кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Алсамман Мохамад Хомам Ахмад Самир жергиликтүү эл менен жолугуп, болуп өткөн окуяларга байланыштуу көңүл айтты.