Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга акысыз операция жасайт. Кимдер кабыл алынат?

24-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Катардан келген отохирург-дарыгерлер тобу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясы башталат. Иш-чаранын алкагында угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча бекер операциялар жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бейтаптарды тандоо этабы башталды жана ал 2024-жылдын 20-сентябрына чейин созулат. Операцияга эки тараптуу дүлөйлүгү, 4 даражадагы эки тараптуу сенсоневралдык угуусу начар жана постлингвалдык дүлөйлүгү бар 5 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Операция алдында балдар комплекстүү текшерүүдөн өтүп, медициналык комиссиядан өтүшү керек.

Бул операциялар Саламаттык сактоо министрлиги менен Катар Өкмөтүнүн ортосунда Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги тарабынан кол коюлган меморандумдун аркасында ишке ашырылууда.