Катардан келген конокторго гилас жагып калдыбы? Алар импорттоо каалоосун билдиришти

«Кечээ Катардан келген коноктор гилас, өрүк жана кулпунайды жеп көрүп, дароо эле органикалык таза мөмө-жемиш экенин айтышты. Ошондой эле бул мөмө-жемиштерди Кыргызстандан өз өлкөсүнө экспорттоо каалоосун билдиришти». Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

Анын айтымында, кол коюлган документтердин алкагында айыл чарба продукциясын араб өлкөлөрүнө экспортто боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.