«Катастрофа менен авария деген сөздүн кыргызчасы жок» деген министрдин орун басары Мадумаровдон уруш укту

«Бул сөздөрдү биз эле эмес, дүйнө жүзү колдонуп жатат. Сырттан келген сөздөр ошол боюнча калды», — деди ал.

«Мадумаров анын кесиби тууралуу сурады. Сиз авария менен катастрофа деген сөз которулбайт экен деп айтпай жүрүңүз. Казактардын мыйзамын карап көрүңүз, бир да мындай сөз жок. Статус дегенди да канча жолу биз макам деп айтып жатабыз. Сиз эмне тил боюнча академиксизби же бардык тилди изилдеп чыктыңызбы? Кемчилигиңерди мойнуңарга алып, кыргызчасын таппай койдук дегиле. Антип сүйлөбөңүз. Мыйзамдын аталышы өзү кыйроолор деп турбайбы. Кыйроо деген авария, катастрофа деген түшүнүктү берет», — деди депутат.

«Мен катастрофа, авария деген жокмун. Мен платформа, зона деп айттым», — деди ал.