Каттоо аяктады. Шаардык кеңештерге депутат болом дегендердин саны 11 миң 782 адамды түздү

Шаардык кеңештерге талапкерлерди каттоо аяктады. Аймактык шайлоо комиссиясы жалпы 56 партияны каттады. Анын ичинен шаардык кеңештерге 11 миң 782 адам талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 28 шаардык кеңешке 796 депутат шайланышы керек. Мыйзам боюнча шаардык кеңештерге шайлана турган депутаттарды каттоо шайлоого 30 күн калганда жүргүзүлүшү керек.

Аймактык шайлоо комиссиясы жалпы 56 партияны каттады. Депутат болом деген талапкерлердин саны 11 миң 782ни түздү. Бир депутаттык орунга орточо эсеп менен алганда 14 адам туура келүүдө. Бишкекте эң көп катталды, 25 партия жана бир орунга 40 талапкер, эң аз Көк-Жаңгакта, анда 3 партия жана бир орунга 5 адам туура келет”,— деп билдиришти БШКдан.

Белгилей кетсек, талапкерлердин үгүт иштери 12-мартта башталган жана 10-апрелде саат 8:00дө аяктайт.

Ал эми Кыргызстандагы 420 айылдык кеңешке жалпы 7 миң 560 мандат берилет. Айылдык кеңешке депутат болууга 19 миң 140 адам өз талапкерлигин көрсөттү. Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо 22-мартка чейин жүргүзүлөт. Андан кийин үгүт иштери башталат.

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге депуттатарды шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтөт.