Каттоо кызматы Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу иштөө графигин жарыялады

Каттоо кызматынын бөлүмдөрү 1-3-январь жана 7-8-январь күндөрү иштебейт.

«Каттоо кызматынын борбордук аппараты, калкты тейлөө борборлору, калкты жана транспортту каттоо, паспорттоштуруу бөлүмдөрү, почта, архив, нике каттоо кызматтары 2021-жылдын 4-январынан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт. Калган күндөрү жумуш штаттык режимде жүрөт. Калкты тейлөө, каттоо кызматтарына барарда календарды карап алууну эскертебиз», — деп жазылат маалыматта.

7-январь күнү Рождество майрамы белгиленсе, шайлоочулар жашаган жери боюнча добуш берип жетишүү үчүн 8-январь да эс алуу күн деп белгиленген.