Катуу сууктан улам окуучулардын каникулу узартылышы ыктымал

«Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү министрлигине окуучулардын каникулун узартуу тууралуу сунушун жөнөттү. Эртең, 9-январда чечим чыгып калышы ыктымал». Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.

Бул билдирүүгө чейин эл өкүлү 11-январда катуу суук күтүлүп жатканын жана дал ошол күндөн тарта балдар сабакка барышарын жазган болчу. Депутаттын айтымында, ал билим берүү министринен каникулду бир канча күнгө онлайн-форматта окутууга өткөрүп турууну суранган.