Дарыгер: «Кавасаки илдети жугуштуу эмес»

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кардио-ревматология бөлүмүндө 15 бала Кавасаки синдрому менен жабыркап дарыланууда.

Маалым болгондой, Кавасаки оорусу – көп органдарды жабыркаткан илдет. Бул бир гана коронавирус оорусунан кийин пайда болбостон, катуу вирустук же бактериялык инфекцияга кабылганда да пайда болот. Синдромдун бул түрүнө көбүнчө балдар кабылгандыктан бөбөктөрдө оорунун белгилери ар башка болушу мүмкүн. Андыктан оорууну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу зарыл.

Бул боюнча кардио-ревматолог Айзат Асан кызы: “Бул синдром менен көбүнчө COVID-19 менен ооруп айыккан жана иммунитети алсыз балдар ооруйт. Мындай оору коронавируска чейин эле бар болчу. Кавасаки синдрому менен ооруган балдар алгач декабрь айында бизге кайрылган. Учурда ооруп айыккан балдарды биз көзөмөлдөп байланышып турабыз. Бул синдром жугуштуу эмес, ошондуктан чочулоонун кажети жок. Кавасаки оорусун алдына алуу үчүн өздүк гигиенаны сактап, балдарды эл көп жерлерге алып барбай туруу зарыл”, – деп билдирди.