«Каякка бара жатабыз?». Депутат спектаклдеги жылаңач эпизод үчүн чара көрүлүшү керектигин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев спекталь учурунда жылаңач болуп турган эпизод тууралуу сөз сүйлөдү.

«Коомчулукта жаман көрүнүш болду. Театрларыбызда жылаңач көрсөтүүлөр пайда болду. Каякка бара жатабыз? Мааниси жок көрүнүштү көрсөтүүдө. Бул уят да. Ушул боюнча Маданият министрлигинен жооп күтөт элем. Чара көрүлүшү керек. 80 пайыздан ашуун элибиз мусулман. Өтө ыплас иш болду», — деди ал.

“Күн кармаган бала” спектаклиндеги энеси өзү жууна албаган оорулуу баланы багып алган жуунтуп жаткан эпизод коомчулукта талкуу жаратып, ар түрдүү пикирлерге жем таштаган.