«Каяктагы компенсация?». Акылбек Жапаровдун Оштогу соодагерлер менен жолугушуусундагы видео талкуу жаратты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 15-июлда Ош шаарындагы соодагерлер менен жолукту. Жолугушуу учурунда журналисттин «кенемте төлөнөбү?» деген суроосуна «каяктагы кенемте?» деп жооп бергени соцтармактарга тарап, кызуу талкууга түштү.

«Каяктагы компенсация? Азыр комиссия түзүлөт. Тактайбыз. Кимге канча зыян келтирилди тактайбыз. Ошого жараша иш алып барабыз», — деди ал.