Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 4-августта таңкы рейд учурунда прокуратура кызматкеринин үйүнө кирген. Короодо кымбат унаалардын турганын көрүүгө болот. Калаа башчысы мынчалык байлык кайдан келгенине кызыкты.
“Мынча дүйнө кайдан сизде? Прокурор, караңызчы, 4-5 машина турат”, — деди Токторбаев.
Мэр каналдын жээгине чейин курулуш жүргүзгөндүгү үчүн үй ээсине эскертүү берип, суунун боюн бошотуп коюуну тапшырды.
“Эмнеге муну бузбай жатасыз, өткөндө эле айтып кетпедик беле. Сиздики бул жагы Анталия го. Тосмону алыңыздар”, — деген мэр.