Каза болду делген аял Кыргыз өлкөсүнөн аман табылып, ал 24 жылдан кийин апасы менен көрүштү

Орусиянын «Жди меня» программасынын жардамы менен Кульзифа Ашикбаева 20 жылдан ашык көрбөгөн Римма аттуу кызын Кыргыз өлкөсүнөн тапты.

Римма 1995-жылдан бери Кыргыз мамлекетинде жашап келген жана документтери жок болгондуктан мекени Орусияга кайтып кете алган эмес. Өзүнүн айтымында, Орусияда Эдуард Идрисов аттуу жаран менен таанышып, аны менен чогуу Кыргыз өлкөсүнө келген. Бирок жакшы көргөн адамы аны таштап кеткен. Андан тышкары паспортун дагы алып кетип калган.

«Эмне үчүн таштап кеткенин билбейм. Мүмкүн анын ата-энеси менин кыргыз эмес экениме, башка жактан келгениме байланыштуу баш кошууга каршы болушкандыр. Ошондон кийин жалгыз калдым. Тил, салтты билчү эмесмин. Кайра кетейин десем акчам, башка документтерим жок болчу», — деди Римма.

Анын апасы Кульзифа Ашикбаева 2019-жылы июнь айында «Жди меня» программасына жардам сурап кайрылган. Ал кызы Кыргыз жараны менен жашап жүрүп, 1995-жылы январь айында дайынсыз жоголгонун айткан. «Жди меня» программасы Римманы Бишкек шаарынан тапкан. Бирок ал Орусияда каза болгон адамдардын тизмесине кирип калган. Ошондуктан кайра мекенине баруусу мүмкүн эмес болчу.

Ага карабастан 2019-жылы Кульзифа Ашикбаева экинчи кызы менен чогуу Бишкек шаарына келип, 24 жылдан бери издеп келген кызы менен көрүшкөн. Бирок аны алып кете алган эмес. Кызынын каза болгонун жокко чыгарып, Орусиянын паспортун даярдап берүүгө 1,5 жылдай убакыт кетип, жыйынтыгында ал Челябинск облусунун Новоозерный айылында жашаган апасынын үйүнө кайтып барды.