Каза болду делип, бирок сөөгү көпкө чейин табылбай жаткан чек арачы Дастан Анарбеков жерге берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Садыр Жапаров кыргыз эли ар дайым бардык кошуналар менен достукту жогору баалап, пайда болгон көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечкенин баса белгиледи.

“Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам”, — деди президент.

Дастан Анарбековдун сөөгүн буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына жерге беришти.

“Достук” чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 16-сентябрда Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын аты-жөнү такталган.