Каза болду делип, бирок табылбай жаткан аскердин апасы: «ДНК-анализ балам экенин көрсөттү, бирок мен ишенбейм»

6-октябрда УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, Чек ара кызматынын бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылганын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Дастан Анарбековдун апасы менен байланышканыбызда, ДНК-анализдин жыйынтыгы чыга элегин билдиришкен. 

Бүгүн, 26-октябрда апасы редакциябызга кайрылып, ДНК-анализи чыкканын, ал каза болгон жаран Дастан Анарбеков экенин тастыктаганын айтып, бирок анализ туура эмес жүргүзүлгөнүн, жыйынтыгына ишенберин айтты.

«Экспертиза чыкты, бирок экспертизанын корутундусуна макул эмеспиз. Генетикалык экспертиза үчүн биологиялык материалдын үлгүлөрүн алуу туура эмес өткөн. 21-сентябрь — жолдошумдан кан алынган, жөнөтүлгөнү — 6-октябрда. Бирок канды сактоо мөөнөтү 3 эле күн болушу керек. 

Митохондриялык ДНК энеден алынат, бирок менден алышкан эмес. Анализдин конвертин ачуу жол-жобосу сакталган эмес — конверт ачык болчу. Аны туугандарынын катышуусунда ачышы керек болчу. Жыйынтык 99% уулум экенин көрсөттү. 

Жыйынтыгы менен таанышуу үчүн күйөөм (ал Бишкекте болчу) жана жездеси чакырылган. Мен шейшемби күнү эртең менен келдим. Жыйынтыгын көрсөтүшпөйт, мен көргөн жокмун, беришпей жатышат. 

Жыйынтык келген күнү мага телефон чалуу боло баштады. Бир аял менен чек арачы чалып, баламдын өлгөнүн көргөнүн, менин келесоо экенимди айтты. Алар бир айдан ашык унчукпай отурушту, жыйынтыгы чыгары менен ошол эле күнү кечинде эмне үчүн тергөөчүгө мурда айтпаганымды, мени менен кантип байланышышты билбей койгонун айтышты. Бул акылга сыйбайт. Көз карандысыз экспертиза жасагым келет — азыр аскер прокуратурасынан берилген материалды алышым керек», — деди ал.