«Каза болгон жоокерлердин ата-энесинен кечирим сурайм». Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү

«Мындан ары мындай кайгылуу окуялар катталбаш үчүн бардык күч-аракетти жумшап жатабыз». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Кудай буюрса, мындан ары да мамлекетибизди эч кимге бербестен сактап калууга милдеттүүбүз жана милдетибизди толук аткарабыз. Дагы бир жолу каза болгон жоокерлерибиздин ата-энесинен кечирим сурайм», — деди ал.

Ал ошондой бүгүнкү кырдаал тууралуу маалымат берди. «Кырдаал оор жана стабилдүү. Коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла деп айта элекмин. Оор техникаларды чек арадан алып кетүү иши жүрүп жатат. Кээ бир жерлерде өтө оор жүрүп жатат. Аны да моюнга алыш керек. Комиссия иштеп жатат. 1-2 күндүн ичинде толук коопсуз болгон соң, жарандарды алып келүүгө аракет кылабыз. Көптөгөн үйлөр жабыркаган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 300гө жакын үй жабыркаган. Алардын ээсин ошол үйгө алып келе албайбыз. Тез аранын ичинде чара көрүп, үйлөрүн ордуна коюп алып келебиз. Баары тегиз болуп жатат дегенден алысмын. Кемчиликтер болуп жатат. Оор кырдаалда кемчиликтер болот экен. Сабыр кылыңыздар, башыбыздан мындан да оор күндөр өткөн. Мен аягына чейин ушул жерде болом», — деди ал.