Каза болгон прокурорго төлөнүүчү 21 миллион сом кызуу талкууга түштү

Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте коомчулукта талкууга түштү. Кечээ, 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзамга ылайык иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрүн айтты.

“Кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнө турган материалдык акы бар. Ал “акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку акы төлөнөт” деп жазылган. Ал 21 миллион 699 миң сомду түзөт”, — деди ал.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокуратура кызматкерлерине бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, нааразы болушту. Ал эми кенемтенин суммасы соцтармак колдонуучулары тарабынан катуу сынга алынып, суммасы көп экенин жазышып жатышат.