Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 76 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 42, Ошто — 1, Чүйдө — 20, Ысык-Көлдө —8, Жалал-Абадда — 3, Таласта — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 178 миң 608 адамга жетти.
Соңку суткада оорудан каза болгондор катталган жок. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 607 адамды түздү.