«Каза болгондордун саны 118ге жетти». Садыр Жапаров Кытайдын төрагасына көңүл айтты

Кытайда жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйдү. Мамлекеттик CCTV телеканалы жер титирөөдөн Ганьсу провинциясында 100, Цинхай провинциясында дагы 11 адам каза болгонун билдирди. Көп өтпөй каза болгондордун саны 118ге жеткени маалымдалды.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Жер титирөөнүн кесепетинен Кытайдын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат телеграммада.