«Казак аял келип, талашып…» Оштун көчөлөрүн шаңга бөлөгөн Даун синдрому бар Микинин окуясы

Каарманыбыз Рыскелди Таалайбек уулун көпчүлүк Мики деп тааныйт. Даун синдрому бар жигит Оштун көчөлөрүндө бийлеп элге таанылган. Бул ирет биз анын жакындары менен маектештик.

«Быйыл уулубуз үйлөнбөйт. Эмдиги жылдардан үйлөнтөбүз, азыр шартыбыз жок. Той болсо, Микини тааныгандардын баары келет деп ойлойм», — деди апасы.

Апасынын айтымында, кышында Казакстандан келген аял 15 жашында жоголуп кеткен уулуна окшоштуруп, талашкан.

«Уулум туулгандан бери музыкага жакын. Тили чыкпаса да бийлечү. Азыр сүйлөп кетсе эле артист болуп кетсе керек. 12 жашка чейин дарылатып жүрдүм, анан эч өзгөрүү болбогонунан токтотуп койгом. Эл менен болгонду жакшы көрөт. Бирок арасында жийиркенип, качкан адамдар да болот. Үйдүн кенжеси болгону үчүн өтө жакшы көрөбүз. 2 жыл мурда Казакстандан бирөө келди. «Менин балам» деп талашып, бирок анын баласы 1987-жылы туулган экен. Даун синдрому менен жабыркачу экен, 15 жашында жоголуп кеткен экен. Милицияга чейин бардык. Ал аял уурдап кеткенге аракет кылды. Кошуналар «бул жерде туулуп-өскөн» дешти. 2-3 күн жүрүп кетишти», — деди апасы.