Казак балбан кызы кыргыздардын колдоосуна суктанды

Дүйнөнүн 2 жолку финалисти жана Азиянын 3 жолку чемпиону Жамиля Бакбергенова кыргыздардын колдоосуна суктанды. Анын видеосу соцтармакта жарыяланды.

«Мен кыргыз элине суктанам. Ынтымактуу, биримдиктүү калк. Спортсмендерин жапырт колдошот. Бир жолу залда машыгып жатам. Өзүбүздүн бир бай ага келди. Намысыма тийди. «Эмне кыргыз балбан кыздарындай жеңишке жете албайсыңар?» дейт. «Силер кыргыз байкелердей спортсмендерди колдой аласыңарбы?» дедим. Кыргыздар жеңишке жетсең, дуулдап колдоп жиберишет экен да. Үйүңдү, машинаңды алдыңа тартуу кылып жиберчү кыргыз жигиттери көп экен да. Шарт түзүшөт, сыйлашат. Жеңилип калсак, бизди өзүбүздүкүлөр мазакташат. Кыргыздар тескерисинче, спортсмендерин коргошот, жапырт колдошот», — деген ал.