Казак жарандыгы бар делген талапкердин каттоосу жокко чыгарылды

Кечээ, 18-декабрда Жогорку Кеңешке шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин талапкерлиги жокко чыгарылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Маалыматка караганда, Саккараев депутаттыкка талапкер болуп 11-октябрда расмий катталган, бирок башка өлкөнүн жараны эместиги тууралуу так маалымат көрсөтө алган эмес. Ал Казак жараны экени жөнүндөгү арыздар БШКга Саккараевдин шайлоодогу атаандаштарынан келип түшкөн. Ошол эле учурда шайлоодо Медербек Саккараев өз округунан эң көп добуш алган. Анын расмий өкүлү жогорудагы чечим боюнча сотко кайрыларын билдирди, мындан улам Чүй-Кемин округундагы шайлоонун жыйынтыгы азырынча чыгарылбай турган болду.