Казак миллионери Маргулан Сейсенбаев кыргыз-казак чек арасынан кантип өткөнүн жазды

Казак миллионери Маргулан Сейсенбаев кыргыз-казак чек арасынан кантип өткөнү тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү жазды.

«Кыргыз постунан 15 мүнөттө өттүм, ал эми казак постунда 3 саат турдум. Бардыгы адамды маскаралоо, күткөнгө мажбурлоо жана бул өлкө үчүн эч ким эмес экендигин көрсөтүү максатында жасалган. Жүк ташуучу унаалардын чоң кезектери бар. Казакстандын чек арачылары автоунаалардын 100 пайызын рентгенге жана текшерүүгө жиберет. Чек арачылардын жарымы уктап жатышат. Рентгенде бир гана адам отурат. Адамдар менен эч кимдин иши жок. Бул өлкөдө жүк ташуучу унаалар менен жеңил автоунаалардын агымын бөлүп алууну эч ким ойлонгон эмес. Рентген аппараттарын дагы сатып албайсыңарбы? Процедураларды уюштура албайсыңарбы? Астанадагы LRT конвойунун биринин баасынын ордуна, жылына жүз миңдеген адамдар өтүүчү бул бактысыз чек араны жабдуу менен камсыз кылса болот беле»,- деп жазды ал.

«Жолдун жарымы казылган, чуңкурлар. Бишкек менен Алматанын аралыгы болгону 234 чакырымды түзөт, аны 2 саатта басып өтүүгө болот. Ал эми мен 7,5 саатта келдим! Биздин бийлик бир тууган элдер экенибизди оозеки гана жарыялайт. Чек араны жана жолдорду караганда биздин мамилебиз Палестина менен Израилдин мамилесинен да начар»,— деп билдирди Маргулан Сейсенбаев.