Казакстан Кыргызстанга 25 миң доза «QazVac» вакцинасын гумжардам катары берет

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 25 миң доза QazVac вакцинасын жөнөттү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Бишкектеги элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, вакцинаны тапшыруу аземи 28-июлда «Кордай-Ак-Жол» өткөрүү пунктунда болот. «QazVac» Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан жана 2021-жылдын башынан бери казакстандыктарды Орусия жана Кытай адистери иштеп чыккан вакцина менен катар эмдөө үчүн колдонулуп келет.

«Клиникалык сыноолор жана Казакстанда аны колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуздугун жана коронавирус инфекциясын жана анын оор түрлөрүн жуктуруунун алдын алууда анын натыйжалуулугун (90 пайыздан жогору) көрсөттү», — деп айтылат билдирүүдө.

«QazVac» вакцинасы 18 жаштан жогорку курактагы адамдарга сунушталат жана булчуңга эки этапта жүргүзүлөт. Дозалардын ортосундагы сунуш кылынган аралык 21 күн.