Казакстан Ооганстандан 41 адамды эвакуациялады. Анын ичинде бир Кыргыз бар

иллюстрация

Казакстандын Коргоо министрлиги Ооганстандан 41 кишини, анын ичинде бир кыргызстандыкты эвакуациялады. Бул тууралуу маалымат каражаттары Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги Ооганстандан Алматыга 35 этникалык казакты, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын жарандарын жеткирген. Атайын учак Кабулдан Алматы аэропортуна 41 жүргүнчүсү менен конгон, анын ичинде Казакстандын төрт жараны, Кыргызстандын бир жараны жана Казакстанда туруктуу жашаган бир ооган болгон.