Депутат Акылбек Түмөнбаев Казакстанда соттолгон кыргыз жараны Эрмек Маркабаевдин экстрадицияланышы боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү ошондой эле, соттолуп, кайра акталган адамдардын иши боюнча жоопкерчилик тарткан фактылар тууралуу сурады.
«Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө. Биз жиберген кагаздардын негизинде жооп алдык. Экстрадицияга бербей жатышат. Себеби, базар, мүлк боюнча да фактылар чыгып жатат. Күбөлөр сурала электигин, «аларды тактап алгандан кийин бул маселеге кайрылабыз» дешти», — деди башкы прокурор Курманкул Зулушев.
- Казакстанда июнь айынан бери камакта кармалган кыргыз ишкери Эрмек Маркабаев 4 жылга эркинен ажыратылган. Ал Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 296-беренесинин 4-бөлүгү («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн, өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу») менен айыпталган. Прокурор 5 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал эми адвокаттар Маркабаевдин күнөөсү жок экенин, «подстава» болгонун жүйө келтиришкен.