Казакстанда абакта жаткан кыргыз ишкери. Депутат экстрадициялоо маселесин көтөрдү

Депутат Акылбек Түмөнбаев Казакстанда соттолгон кыргыз жараны Эрмек Маркабаевдин экстрадицияланышы боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү ошондой эле, соттолуп, кайра акталган адамдардын иши боюнча жоопкерчилик тарткан фактылар тууралуу сурады.

«Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө. Биз жиберген кагаздардын негизинде жооп алдык. Экстрадицияга бербей жатышат. Себеби, базар, мүлк боюнча да фактылар чыгып жатат. Күбөлөр сурала электигин, «аларды тактап алгандан кийин бул маселеге кайрылабыз» дешти», — деди башкы прокурор Курманкул Зулушев.