Казакстанда балдары менен көп кабаттуу үйдүн алдында уктап жаткан эненин үстүнөн сотко кайрылышты

Казакстанда мас абалында кичинекей балдары менен көп кабаттуу үйдүн кире беришинде уктап жатканы видеого түшүп калган аялдын үстүнөн иш козголду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Арыз менен шаардык билим берүү бөлүмү сотко кайрылган. Аялды ата-эне укугунан ажыратууну талап кылышууда. 

«Мындан тышкары, бул факты боюнча материал Актау акимдигине караштуу жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын кароосуна жиберилди», — деп кошумчалашты шаардык билим берүү бөлүмү.

Эске салсак, социалдык тармактарда уктап жаткан аялдын видеосу тараган. Анын жанында эки кичинекей  бала болгон. Окуянын күбөсү аялдын мас абалында экенин билдирген.