Казакстанда жол кырсыкка кабылган кыргызстандыктар мекенге келди

Тышкы иштер министрлиги 10-февралда Казакстандын Кызылорда облусунун Арал районунда жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандарын Шымкент шаарындагы кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташтыкта мекенине ийгиликтүү алып келишкендигин билдирди.

21-февралда Казакстандын (Кордай) менен чектешкен Ак-Жол-автодорожный өткөрмө пунктунда жабыркаган мекендештер андан ары зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.