Казакстанда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулганын УКМК ырастады

Казакстанда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулганын УКМК ырастады. Ал бүгүн, 10-январда Бишкекке алып келинет.

Буга чейин Казакстанда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулганын айрым жергиликтүү басылмалар жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов жүргүзгөн Фейсбуктагы баракча жарыялады. Бирок анын тууганы «Бошотулду деген маалыматты биз да угуп жатабыз, бирок бул ырастала элек. Биз дагы бүгүн бошотулат деп күтүп жатабыз. Викрам менен дале байланыша элекпиз» деп СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирген.