Казакстанда каза болгон Кыргыз жараны кечээ Алматыда жерге берилди

Кечээ, 13-январда Казакстанда башаламандык учурунда каза болгон Азиз Мусаев аттуу Кыргыз жараны Алматыда жерге берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов журналисттерге билдирди.

Азиз Мусаевдин сөөгү туугандарына өткөрүп берилип, туугандарынын каалоосу менен Алматыда жерге берилди. Ал эми экинчи каза болгон Бахтияр Базарбаев аттуу Кыргыз жаранынын да сөөгүн алып кетүүгө уруксат берилген. Ал жакын арада туугандарына өткөрүп берилери маалымдалды.

6-январда каза болгон Азиз Мусаев Алматы шаарында фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. Маркумдун жубайы саат 22:30 чамасында жолдошу жаракат алган карыяга жардам берип жаткан учурда ок тийгенин айткан.