Казакстанда КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жыйыны болуп өттү

Казакстанда КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын терроризмге каршы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2-сентябрда Казакстандын Мангистау облусунун Актау шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борбору КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын терроризмге каршы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда «Каспий-Антитеррор-2021» аталышында КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуусунун экинчи — аяктоочу этабы өткөрүлдү.

Машыгууга (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан) КМШнын сегиз мамлекетинин атайын кызматтары катышты.

«КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуулары Шериктештик өлкөлөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүү системасынын маанилүү компоненти болуп саналат. Алардын негизги максаты — КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтарынын жана башка күч структураларынын террористтик чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууга даярдыгын жогорулатуу болуп эсептелинет. 2001-жылдан бери КМШнын жетекчилиги астында 16 машыгуу уюштурулду, алардын ар биринин темалары Шериктештиктин мамлекеттеринде жана дүйнөнүн башка региондорунда террористтик коркунучтардын жайылуу динамикасын жана тенденциясын эске алуу менен түзүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.