Казакстанда кыздарынын көз алдында жан берген кыргызстандык келин боюнча ТИМ үн катты

Казакстанда кыргызстандык 29 жаштагы келиндин өлүмү тууралуу жарыяланган маалымат боюнча Тышкы иштер министрлик үн катты.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан бул маалымат боюнча ыкчам маалымат алуу үчүн окуя болгон жерге чыгуу жүргүзүлдү. Казакстандын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, кырсыкка учураган 1994-жылы туулган, теги Кыргызстандын Ош облусунан болгон жана каза болгон учурда Казакстандын жараны болгон. Каза тапкан 2021-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыккан жана Казахстандын жаранына турмушка чыккан.

Көмөк көрсөтүү максатында Алматы шаарындагы кыргыз диаспоранын жетекчисине маркумдун жакындарына кабар берүү үчүн маалымат жеткирилген.

Казакстандын укук коргоо органдары бул факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн бирдиктүү реестринде Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталган”,- деп айтылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркум Бектурсун кызы Айперинин апасы менен байланышканыбызда, кызынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Терек айылында туулганын айтып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

«Кызым казак жаранына турмушка чыккан. 3 кызы бар. Улуусу 2-класска, ортончусу 1-класска көчөт, ал эми кичүүсү 1 жаштан 2 жашка кетти. Мурда бизге зомбулук көрүп жатканын айтчу эмес. Бизге чалып эле «кызыңыз ооруканага түшүп калды» деп айтышты. Кийин каза болгонун угузушту.. Мен кызымдын өзүн-өзү өлтүргөнүнө ишенбейм. Тышкы иштер министрлигине кайрылат элем, ушул ишке жардам берип коюшсунчу. Мен паспортумду жаңылап, Казакстанга барып, дыкат текшерүүнү талап кылат элем. «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренесине макул эмесмин. Азыр сөөктү алып кетүүгө 2 бир тууганы кетти»,- деген апасы.