Казакстанда тынчтык орнотуучу операцияга катышкан кыргыз аскерлери сыйланышты

Казакстанда тынчтык орнотуучу операцияга катышкан кыргыз аскерлери президент тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Коргоо министрлигинин 52806-аскер бөлүгүндө ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн курамында Казакстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткарган аскер кызматкерлерин сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада тынчтыкты сактоочу контингенттин өздүк курамы мамлекет башчысынын баалуу белектери менен сыйланышты. Иш-чара аскер кызматкерлеринин өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.