Казакстандагы бороондон улам 7 кыргызстандык жолдо калган (видео)

Жети кыргызстандык Казакстандын түндүк-батышындагы трассада калып калышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Алдын-ала маалымат боюнча унаа жолдо 7 Кыргыз жараны Казакстандын Ак-Төбө облусунун Кара-Бутак айылында кар күрткүдө калгандыгы такталган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандар менен байланышканда, абалы жакшы экендигин жана бара жаткан жол техниканын жардамы менен ачылып, Орусияга багытын улагандыгын билдиришкен. Учурда башка кыргызстандыктарды тактоо иши жүрүүдө», — дешти.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун алдын ала берген маалыматына ылайык, 8-февраль күнү Казакстандын Актөбө облусунда аба ырайы кескин өзгөрүлүп, бороондон улам Самара-Шымкент унаа жолу (Богот-Сай айылы менен Ак-Төбө шаарынын ортосу болжол менен 140-чакырымы) кар күрткү пайда болуп, каттам эки тараптуу жабылган. Алдын ала маалымат боюнча жеринде 1000ге жакын унаалар жолдо турат.