Казакстандагы жер титирөө Бишкектен тышкары Токмокто да сезилди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 11:13тө Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Анын толкуну Бишкек жана Токмок шаарларынын аймагында 3 баллга чейин сезилген (Бишкек шаарынан 55 чакырым түндүк чыгышта, Токмок шаарынан 45 чакырым түндүк чыгышта жайгашкан). Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Буга чейин Сейсмология институту жер титирөөнүн күчү Бишкекте 3,5 сезилгенин маалымдаган болчу.