Казакстандагы суу ташкыны. Кыргызстан 300 тонна гумжардам жөнөттү

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Түнкү саат 4:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.

Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрас жана чатырлар жеткирилет. Өлкөнүн атынан кетип жаткан гумжардам кербени ӨКМ тарабынан ишке ашат.

Белгилей кетсек, Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей эл, 6000 жаш балдар эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4миңден ашуун жаран, анын 200дөй бала жайгашкан.