6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан казак элине гуманитардык жардам жөнөткөн. ӨКМ «Жардам кербени» 1 миң чакырымдан ашуун жол жүргөнүн билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.
Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрас жана чатырлар жеткирилет. Өлкөнүн атынан кетип жаткан гумжардам кербени ӨКМ тарабынан ишке ашат.