Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун берген маалыматына ылайык, учак кырсыгынан борт ичиндеги 67 адамдын 38и каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ооруканага ар түрдүү жаракаттары менен 29 жаран жеткирилген. Анын ичинен үчөөсү жаш балдар. Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
«Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, Казакстандын 6, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Кыргызстандын 3 жараны болгон. Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кырсыктан кийинки авариялык-куткаруу ишине 97 техника, куткаруучу, дарыгер, психолог, полиция кызматкерлеринен турган жалпы 490 адам жана 10 кинолог тартылган»,— деп айтылат маалыматта.